"Салык Кеңеш" жана "AiSalyk" санариптик сервистери ишке кирди

Экономика 25 сентябрь 2026 09:25
"Салык Кеңеш" жана "AiSalyk" санариптик сервистери ишке кирди
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан "Салык Кеңеш" маалыматтык-сурап билүү системасы жана жасалма интеллекттин негизинде иштеген "AiSalyk" чат-боту иштелип чыгып, ишке киргизилди.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган сервистерди ишке киргизүүнүн максаты — салык төлөөчүлөр, салык өкүлдөрү жана салык органдарынын кызматкерлери үчүн салыктык маалыматтарды алуунун жеткиликтүүлүгүн, түшүнүктүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу.

"Салык Кеңеш"

"Салык Кеңеш" — Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жаатындагы ченемдик-укуктук маалыматтарды камтыган адистештирилген база.

Система бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке Салык кызматынын буйруктарын, аларга тиркемелерди, тиешелүү ченемдик документтерди, ошондой эле ченемдик жоболордун колдонуу мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды бириктирет. Бул салык органдарынын кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр үчүн зарыл болгон маалыматтарды издөөнү кыйла жеңилдетет.

Мындан тышкары, система ченемдик документтерди издөөгө кеткен убакытты кыскартууга жана башка акы төлөнүүчү укуктук маалыматтык системаларды колдонуу зарылдыгын азайтууга мүмкүндүк берет. Бул бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

"AiSalyk" чат-боту

Салык төлөөчүнүн кабинетинде жана Салык кызматынын расмий сайтында салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча салык төлөөчүлөргө консультация берүү үчүн жасалма интеллекттин негизинде иштеген "AiSalyk" чат-боту ишке киргизилди.

Бул сервис аркылуу салык төлөөчүлөр жумуш убактысын күтпөстөн же салык органына барбастан, 24/7 режиминде салык маселелери боюнча маалыматтарды ала алышат.

"AiSalyk" колдонуучуларга Салык кодексинин, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын жана Салык кызматынын буйруктарынын татаал жоболорун түшүнүүгө жардам берип, маалыматты түшүнүктүү формада сунуштайт жана мындан аркы аракеттер боюнча багыт берет.

Сервистердин артыкчылыктары

Аталган санариптик куралдарды ишке киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • салыктык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга;
  • ченемдик документтерди издөөгө кеткен убакытты кыскартууга;
  • салыктык ченемдик базага бирдиктүү жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
  • типтүү суроолор боюнча салык органдарынын кызматкерлерине түшкөн жүктү азайтууга;
  • маалыматтарды күнү-түнү алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө;
  • салык төлөөчүлөргө маалымат берүүнүн ачыктыгын жана бирдиктүүлүгүн жогорулатууга;

Белгилей кетсек, аталган сервистерди ишке киргизүү Салык кызматынын салыктык башкарууну мындан ары санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.