Жаңы министр медицинада масштабдуу реформа жүргүзүүдө - эксперт

Пикир Загрузка... 04 Февраль 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов так стратегия жана күчтүү команда менен келип, ал жүргүзгөн реформа бир эле убакта бардык багыттарды камтып жатат. Аткарылып жаткан иштердин тереңдигине жана масштабына таң калдым. Мындай пикири менен Көз карандысыз медициналык профсоюздун төрайымы Бермет Барыктабасова “Кабар” агенттигине берген маегинде белгиледи.

Анын айтымында, реформалар боюнча суроо абдан татаал. Отуз жыл аралыгында орун алган реформалардын баары натыйжасыз дегенге болбойт. Айрым иштер ийгиликсиз болсо, айрымдары аткарылган. Кандайдыр бир прогресс болгон. Бирок ал көзгө көрүнбөй, реформалардан жыйынтык күткөндөргө түшүнүксүз бойдон калган.

“90-жылдардан тарта “Манас”, “Манас таалими”, “Ден соолук”программаларына канча деген акчаларды, инвестицияларды салышты. Канчалаган кадрларды окутушту, канчалаган жетекчилер алмашты. Бирдиктүү жыйынтык болгон жок. Айрым багыттар жакшырып, айрымдары тескерисинче начарлап кетти. Жалпысынан, эволюциялык жактан эч кимди айыптабай карасак, сектор өстү десе болот.
Бирок, азыркы министр мурдагы жана азыркы аткарылып жаткан иштердин арасындагы айырманын кандай экенин көрсөттү. Эгер мурда реформалар кадрлардын же коррупциянын, алсыз жетекчиликтин, эффективдүү эмес каржылоонун же жетишсиз камсыздоонун кесепетинен токтоп калса, учурдагы министр бул суроолордун баарын бир убакта, мурунку катачылыктарды эске алуу менен чечип жатат. Даярдыгы зор, эмне кылуу керектигин билген адис экен. Анын так стратегиясы, пландары жана командасы күчтүү.
Эми баарын убакыт көрсөтөт. Бирок, азыркы учурда менин министрге нааразычылыгым жок. Мен көрүп, билип жаткан кадамдар абдан олуттуу. Мурда жагдайлар бири-бирине байланышып, кызыкчылыкты көздөгөн көптөгөн тараптар, парламент, министрлер кабинети, департаменттер, дары-дармек тармагы, ММКФ, министрлик баары аралашып калган. Азыр унификацияланып, түздөлүп, акыркы чекиттер коюлууда. Чечкиндүү башкаруу чаралары көрүлүп жатат. Коррупцияны да кекиртектен алды. Эч кимди аяшкан жок, баарын изилдеп жатышат”, - деди Бермет Барыктабасова.

Профсоюздук лидер реформа учурунда абайлачу жагдайлар да бар экенин эскертти. Медицина тармагы татаал болгондуктан, маселелер да тереңдеп кеткен. Аны бир заматта тартипке салуу мүмкүн эместигин айтат.

“Каржылык маселени чечүү оңой. Ал эми кадрдык реформалар абдан оор жана кыйын. Кадрдык таңсыктык адатка айланып, жетекчиликтердин эффективдүүлүгү, алардын ишинин сапаты көзөмөлдөнгөн эмес. Азыр абдан терең, катмар-катмар болуп катып калган маселелер каралууда. Тынбай иштеп жатышат. Бул реформалардын масштабы менен тереңдигине таң калдым.
Ооруканалардын автономиясы, албетте чоң долбоор. Көптөгөн адамдар бир нече жыл ушунун үстүнөн иштегени менен, ишке ашыруу убактысы эми келди окшойт. Профсоюз боюнча да бир катар чаралар көрүлүүдө. Айлык 100% көтөрүлөрүн айтышты. Медицина кызматкерлерине 5000 батир берилет. Алардын ичинен үч жарым миң медик батирлерин медициналык шаарчанын жанынан алышат. Ал жакта медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча, мектеп курулат экен. Бул абдан чоң жылыш. Ысык-Көлдө дарыгерлер үчүн “Ден соолук” пансионаты курулат деп жатышат. Профсоюз лидери катары мен бул иштерди колдойм. Медиктерге көңүл бурулган сайын, биз, кесиптик биримдиктер да жетекчиликти колдоого аракет кылып жатабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Көз карандысыз медициналык профсоюздун төрайымы Бермет Барыктабасова.