Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Ырыс Ордо” конгресс -борборунун ачылыш аземинде жаштарга кайрылып, аларды мурунку муундун кетирген катачылыктарынан сабак алууга жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн ынтымакта болууга чакырды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүк алган 35 жыл ичинде саясий чөйрөдө куру кыйкырык, саясий демагогия, бири-бирине жалаа жабуу жана аймактарга бөлүнүү күч алганын, бул көрүнүштөр өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратканын белгиледи.
”Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда “Мен саясатчымын”, “Мен чын өнүктүрөм”, “Мен кыйынмын” деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз. Биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка жетишкен жок”, — деди Садыр Жапаров.
Президент жаштарды терс көрүнүштөрдөн үлгү албай, тескерисинче, ынтымакты бекемдеп, кубаттуу Кыргызстанды курууну улантууга чакырды.
”Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек. Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку!”,–деди президент.