Жаңы инвестициялык хаб: “Тамчы” долбоорунун келечеги кандай?

Пикир Загрузка... 06 Июль 2026 11:47
photo_5350453288953912418_w.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы аркылуу Кыргызстанга жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул тууралуу “Эл келечек” экономикалык изилдөөлөр фондунун жетекчиси Улукман Мамытов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөлүк каржы системасы өзгөрүлүп, Кыргызстанды жаңы экономикалык-инвестициялык борбор кылуу максатында иш-аракеттер жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2026-07-06 at 11.41.19
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы өлкөдөгү алгачкы ири долбоорлордун бири болуп жатат. Дүйнөдөгү геосаясатты алып карасак да, соодага эшигин ачып берип жаткан факторлор түзүлүп жатат. Лондон менен Нью-Йорк сыяктуу XX кылымдагы эски борборлорду билебиз. Бирок, азыр XXI кылымда финансылык инвестициялык агымдар Евразия, Азия аймагына өтүп жатат. Мисалы, биздин аймакта Астана деген каржы борбору абдан өнүгүп келе жатат. Бул бир жагынан коңшу, экинчи жагынан бизге атаандаш. Биз алардан алдыга чыгып, Кыргызстанды биринчи инвестициялык хаб кылалы деген аракетте болуп жатабыз.
Мен учурда Азияда бизге түзмө-түз атаандаш борборлор катары бешөөнү көрүп жатам. Геосаясатка токтолгонум, Ирандын тегерегиндеги окуя Абу-Даби менен Дубайга бир топ көлөкө түшүрүп, тобокелчиликтер өсүүдө. Ушундай шартта Кыргызстанда “Тамчы” финансылык инвестициялык аймагы түзүлүп, инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүк түзүү менен биз добушубузду чыгарып жатабыз. Ошондуктан, бул менимче жакшы кадам болуп жатат”, — деди эксперт.