Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдун төрөгалыгында Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 4-отуруму өттү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы социалдык тармакка жазды.
Ал белгилегендей, сынакка 16-июндан 17-июлга чейин жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу 79 жарандан 132 долбоор келип түшкөн.
Долбоорлор сынактын акыйкат, таза өтүүсү үчүн авторлордун аты-жөнү көрсөтүлбөй, атайын шифрлер менен белгиленип комиссиянын кароосуна коюлду.
Комиссия жобого ылайык, сынактын 1-этабынын критерийлеринин негизинде эң жогорку упай алган 5 тексттин долбоорун тандап алды.
Тандалып алынган 5 мыкты долбоорго музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча кайрадан сынак жарыяланат.