Президент Садыр Жапаров салтка айлангандай аймактарды кыдырып, жергиликтүү бийликтин ишинен кабар алып, элеттиктердин үнүн угууга жетишти. Дээрлик бир жума бою өлкө башчысы Жалал-Абад облусунун район-шаарларына барды. Анда тургундар социалдык маселелерден баштап, көптөн бери жүрөгүн оюп келген жеке көйгөйлөрүн айтып, президенттин тапшырмасы менен чечилип кетишине үмүт артышканы байкалып турду. Мамлекет башчысы жол, мектеп сыяктуу социалдык инфраструктуранын курулуштары республикалык деңгээлде планга ылайык бардык аймактарда жүрөрүн белгилесе, жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечиле турган калган маселелерди дароо жеринде чечип, айрым кайрылууларды аким, облус жетекчиси, тиешелүү мамлекеттик органдарга дыкат, калыс карап чыгып, чечип берүүсүн тапшырып жатты. “Кабар” агенттиги ачык-айкын өткөн эл менен президенттин жолугушууларынын маанилүүлүгү жана андан күтүлгөн натыйжалардын айланасында сөз кылат.

Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары 22-октябрда Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышуу менен башталды. Анда 6 жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктарына саресеп салынып, аны менен эле токтоп калбай, айылдан шаарларга чейин социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн пландарын ишке ашырууга да өзгөчө көңүл бурулду десек болот. Мэр, акимдердин баяндамаларында акыркы жылдары оорукана, мектеп, бала бакча, турак жай курулуштары, жол салуу, жаңы ишканаларды ачуу жана таза суу тармактарында мактоого арзый турган жыйынтыктар болгону сандарды салыштырууда даана билинип жатты. Жер жерлерде бул багытта кандай алгылыктуу иштер жасалганын элеттиктер да президент менен жолугушууда баса белгилеп айтышты. Мындан беш жыл мурда жол, мектеп, бала бакча өңдүү социалдык маселелер чечилбей келген көйгөйгө айланса, азыр андай көйгөйлөрдүн саны кескин азайып, жергиликтүү тургундар ишкердигин мындан ары өнүктүрүүгө, спорт, маданият тармактарында колдоолорду арттырууга, укуктарын коргоого маани берип жатышканы кубандырбай койбойт.

Облустагы социалдык-экономикалык жактан өсүүлөргө өлкө экономикасынын тездик темп менен өсүп жатканы түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ага жараша бюджеттик көрсөткүчтөр өсүп жатат. Садыр Жапаров 2021-жылы Жалал-Абад облусунун бюджети 2 млрд 630 млн сомду түзгөнүн, ал эми 2025-жылга 11 млрд 490 млн сом өлчөмүндө бекитилгенин билдирди. Бул 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик 4,4 эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен кошумча каржылоону эске алганда, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 39 млрд 268 млн сом багытталган. 2026-жылы облустун бюджети 5 млрд 569 млн сом өлчөмүндө бекитилип, тогуз ай ичинде республикалык бюджеттен 12 млрд 757 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттардын баары аймактын өнүгүүсүнө, элге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жумшалууда.
Ошондой эле аймакты ири транспорттук-логистикалык борборго айландырууга багытталган “Жалал-Абад” эл аралык аэропорту, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жүзөгө ашырылууда. Бул долбоорлор аймакты гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.
Садыр Жапаров мамлекет билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармактарында иштеген адистерди колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. Быйыл 1-апрелден тартып бул тармактардагы 215 миңден ашуун кызматкердин эмгек акысы орточо эсеп менен 100 пайызга жогорулаган. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 102 миңден ашуун кызматкери үчүн айлык акы кеминде 50 пайызга көбөйгөн.
Билим берүүнү өнүктүрүү тууралуу сөз кылып жатып, президент өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы тургундар менен жолугушууларда мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн куруу, жаңылоо маселелери көп көтөрүлөрүн эске салды. Ал таланттуу балдар дал ушул айылдарда өсүп жетилерин, ал эми билим берүү алардын келечекке жолун ачарын баса белгиледи.

Пенсиянын өлчөмү жакында жогорулатылгандан кийин анын орточо көлөмү 12 648 сомду түзгөнүн мисал келтирилди. Жалал-Абад облусунда 151 миң 403 пенсионер бар. Өзгөчө макамга ээ болгон айрым бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага чектеш калктуу конуштарда үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала үч жашка чыкканга чейин 3 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт. 1-октябрга карата облуста бул жөлөк пулду 5 667 адам алып, төлөмдөргө ай сайын 17,1 млн сом каралууда.
1-июлдан тартып “Бала ырысы” жөлөк пулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, төрөлгөндөн 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө төлөнүп жатат. Облуста бул жөлөк пулду 48 миң 294 адам алып, ай сайынкы төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 58,9 млн сомду түзүүдө. Эми 2027-жылдын 1-январынан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйтүлөрү айтылды.
Ошондой эле Садыр Жапаров өлкө боюнча ар бир айылда кичи футбол аянтчалары болорун, курулуш иштери үч облуста жыйынтыкталып, учурда Баткен облусунда уланып жатканын айтты. Маданият тармагы да унутта калган жок. Район-шаарларда балдар музыкалык мектептерин оңдоо, деги музыкалык аспаптарды жаңылоого каражат бөлүнүп жатканы да белгиленди.

Турак жай маселесине да өзүнчө көңүл бурулду. “Менин үйүм" мамлекеттик программасынын алкагында Жалал-Абад облусунда 9 миңден ашык жаран турак жай алуу үчүн кезекте турат. 2016-жылдан бери облустун 3 560 тургуну турак жай менен камсыздалган, алардын ичинен 781 жаран банк аркылуу кредиттик каржылоо алган. 2025-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 3 миңдей үй-бүлө турак жайга ээ болгон. Учурда облуста баш-аягы 12 миңден ашык батирди түзгөн 15 турак жай курулууда.

Социалдык-экономикалык маселелер этап-этабы менен минтип чечилип жатса, жеке маселеси менен алпурушуп, аны чечүүгө президенттен жардам сурап, өтүнүчүн карап берүүнү айткан жергиликтүү тургундар да болду. Алардын бири бөйрөк ооруга чалдыгып, маал-маалы менен гемодиализ алган жаран. Ал соттолуп кеткен бир тууганы жакында эле чет өлкөдөн экстрадицияланганын, ал эркиндикке чыкса, донор болуп, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болорун айтты. Көйгөйдү уккан президент абактагы мөөнөтү аз калган жаранды мунапыс менен бир айдын ичинде чыгарып, бейтаптын дарылануусу толугу менен мамлекеттин эсебинен болорун убадалады. Мындай кубанычтуу кабарды уккан жаран көзүнө жаш алып, өзү эле эмес залда отургандарды, социалдык тармактар, телевизор аркылуу көрүп отургандардын жашытты.

Ал эми жол тескөөчүсүнө эки миң сом пара бергени үчүн 2 жылга эркинен ажыратылган атанын баласынын арыз-муңу сот менен прокурорлордун ишти кароодогу мамилесин ачык-айкын көрсөткөнүн далилдеди көрүнөт. Президент 2 миң сомдун айынан соттук иштин Жогорку сотко чейин жетиши сот, прокурорлорго уят экенин, жоопкерчиликке тартуу айып пул төлөтүү менен гана чечилсе болмок деген пикирин айтты. Соттолуп кеткен жаран мунапыстын негизинде абактан чыга турганы белгилүү болду.
Мындан тышкары, Токтогулдун тургуну 14 жаштагы уулу кошунасы тарабынан токмок жеп, бир тарабы кыймылдабай калганын айтып кайрылды. Ызага муунган эненин үнүн угуп, мамлекет башчысы баланын дарылануусуна колдоо көрсөтүлөрүн айтып, тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берди.

Садыр Жапаров элдин жеке маселесин чечип жатып, айрым аткаминерлердин ишин сындап да өттү. Чаткал районунун эли менен жолугушуу учурунда район бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик ипотекалык компанияга бир гектар да жер бербегени, бирок мурдагы аэропорттун 7 гектар жери бош турганы айтылды. Мамлекет башчысы акимди бош жерлерди Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бербей жатканын сынга алып, келе жаткан жылы курулушту баштоону катуу тапшырды.
Ошондой эле Агартуу министрлиги санариптештирүү иштеринен артта калганын Базар-Коргон районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысы министрлик иштерин кагаз түрүндө эле жүргүзүп, кайсы мектепке канча китеп кеткенин билбей турганын кескин сындады. Эгерде министрликте санариптештирүү иштери жүргөндө бардык иштерди ачык көрмөктүгүн белгиледи. Социалдык фондду мисал келтирип, көзү өтүп кеткен адамдарга пенсия чегериле бергени аныкталгандыгын, азыр санариптештирүүдөн кийин андай акча уурдоолор болбой калганын айтты. Мындан улам Агартуу министрлигин санариптештирүүгө тез арада толук өтүшү керектигин талап кылды.

Жергиликтүү тургундардын кайрылууларында айтылган көйгөйлөрдүн жарымы президенттин катышуусу менен жеринде дароо чечилсе, айрымдарын аким, облус жетекчилери тиешелүү министрликтер менен биргеликте чечүүгө боло турганы белгиленди. Президент алардын аткарылышы тууралуу маалымат берилиши керектигин айтты.
Өлкөдө көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөр чечилип, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдрахман Маматалиев “Кабар” агенттигине мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөр, аймактардын өнүгүшү жана көп жылдар бою созулуп келген көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча айтып берди.

Абдрахман Маматалиев президенттин эл менен жолугушуусу аймактардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы форматы экенин белгиледи.
“Мурда айрым райондорго жана региондорго президенттер 5–10 жылдап барбай, жер-жерлердеги көйгөйлөр жылдар бою чечилбей калган учурлар болгон. Учурдагы бийлик аймактарга барып, калктын көйгөйлөрүн түздөн-түз угуп, тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте комплекстүү түрдө чечүү жолдорун колго алууда. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда көйгөйлөр каралып, республикалык деңгээлдеги жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынышы калктын бийликке болгон ишенимин жана ыраазычылыгын арттырууда”, - деди ал.
Мамлекеттик ишмер буга улай эле өлкөдө ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык жана стратегиялык долбоорлорду атоо менен экономикалык өсүүлөргө саресеп салды.
- Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: 25-30 жылдан бери айтылып гана келген бул чоң долбоор боюнча учурда структуралык иштер ыкчам жүрүп, олуттуу кадамдар жасалууда.
- Энергетика жана курулуш: Камбар-Ата 1 сыяктуу стратегиялык маанидеги объекттердин курулушун жана башка энергетикалык маселелерди чечүүдө мамлекеттин көңүлү күчөтүлдү.
- Авиация жана жол тармагы: Өлкөнүн бардык аймактарындагы аэропорттор толугу менен оңдолуп, миңдеген чакырым жолдор курулуп жатат.
- Экономикалык өсүш жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөр: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы дүйнө жүзүндөгү эң жогорку темп менен өсүп жаткан мезгилге келди. Экономикалык өсүштүн натыйжасында бардык тармактарга, анын ичинде аймактарды өнүктүрүүгө жетиштүү көлөмдө каражат бөлүнгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
- Бюджетти алдын ала кароо: Бюджет жана алдын ала каралган долбоорлор региондордун өсүшүнө чоң түрткү берип жатат.
Абдрахман Маматалиев акыркы жылдары өлкөдө буга чейин токтоп калган же жылбай келген маселелер чечилип жатканын баса белгилеп, бул багыттагы иштерди эл колдоого алып жатканын кошумчалады.
Президенттин эл менен түздөн-түз иштеши ишти натыйжалуу кылууга өбөлгө тузөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Токтошев өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, бийлик менен калктын байланышы жана чечилиши керек болгон маанилүү маселелер тууралуу пикири менен бөлүшүп жатып билдирди.

Токтошев буга чейин мындай форматтагы иштер аз болгонун эске салып, элдин түздөн-түз кайрылуусу маселелердин тез чечилишин шарттай турганын айтты.
“Акыркы жылдары мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилерди куруу иштери жакшы жүрүп жатат. Аймактарда бул маселелер 80–90% чечилди. Бюджеттин көбөйүшү тууралуу айтсак, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө байланыштуу бюджет мурдагы 180 миллиард сомдон азыр 270–300 миллиард сомго чейин өстү. Мамлекет калктын социалдык муктаждыктарын чечүүгө жана турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган милдеттерди аткарып жатат. Калк арасында сотко карата ишеничсиздик дагы эле сакталып жатканы, ошондой эле укук бузуулар жана адам укугун коргоо маселелери да бар экени билинди. Бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү зарыл”, - деди Эмилбек Токтошев.
Жыйынтыктап айтканда, эл менен түз баарлашып, элеттеги көйгөйдү жеринен угуу мамлекеттик башкаруу системасынын ишин натыйжалуу кылууга, аткаминерлердин дагы да жоопкерчиликтүү болуусуна жана жарандарга мамлекет тарабынан түзүлө турган шарттардын жакшыртылышына зор түрткү берерин айгинелейт.