Элет үнүн уккан ажо: Эл эмнеге президентке түз кайрылууну эп көрөт?

Аналитика Загрузка... 13 Апрель 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-04-13 at 17.49.18.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаров 10-апрелден бери Ош облусун кыдырып, элдин үнүн түздөн-түз угуп жүрөт. Үч күндүн ичинде мамлекет башчысы Ош шаарын, Араван жана Кара-Суу райондорун түрө кыдырып, аймакта жасалып жаткан иштер менен таанышып, жергиликтүү калк менен бетме-бет баарлашууда. Бирок бул жолугушуулар бир чети кубандырса, экинчиден ойго салып, суроолорду жаратты. Бул ирет "Кабар" агенттиги президенттин түштүктөгү сапарына токтолуп, эл кандай маселелерди айтууга жетишти жана эмнеге ал көйгөйлөр жергиликтүү деңгээлде чечилбейт деген суроонун айланасында кеп козгойт.

669814588_1524212106380085_1196614500373563514_n

Ош шаарындагы үч саатка созулган ачык баарлашууда жер талашы, үйдүн кызыл китеби, базардын көчүрүлүшү же бала бакчанын жоктугу сыяктуу маселелер жамгырдай жаады. Араван менен Кара-Сууда да ушул эле көрүнүш, ирригация, таза суу, мектеп курулушу жана укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыктар.

Эл көтөргөн маселелердин 90 пайызы президенттин деңгээлиндеги стратегиялык чечимдер эмес, жергиликтүү акимдердин, мэрлердин же айыл өкмөттөрүнүн күнүмдүк жумушу. Эмне үчүн карапайым калк өзүнүн айылындагы арыкты тазалатуу же документ алуу үчүн мамлекет башчысынын келишин зарыга күтүшү керек?

670612773_1525011666300129_7684066235618670506_n

Өлкө башчысы менен жолугушууда аравандык тургундун президентке "сиз келет дегенден бери эки жума ичинде өмүрү акталбаган жерлер агарды" деген сөзү жергиликтүү бийликтин жүзүн ачып койду. Бул сөздө чоң үмүт менен кошо ачуу чындык жатат. Көрсө, жергиликтүү жетекчилердин колунан иш келет экен, болгону аларды ойготуу үчүн сөзсүз түрдө президент барышы керекпи?

“Эч качан акталбаган-сырдалбаган жерлер акталып-сырдалып калды”, - деген район тургуну президентти башка райондорго да убактысына карап, 1-2 жылда келип турууну өтүндү.

Бул көрүнүш эски замандан калган көз боёмочулук илдети дагы деле толук жок боло электигин кабарлайт. Имаратты актап, жолду жамап койсо эле иштеп жатабыз дегендик эмес. Бирок элдин ичиндеги чечилбеген көйгөйлөр ошол жаңы сырдалган дубалдардан алда канча бийик эмеспи.

Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров аймакка келип турарын айтып, жергиликтүү бийлик дагы деле илгеркидей адат менен бирөө келерде эле тазаланып калбай, күн сайын иштерди аткарышы керектигин белгиледи.

669668655_1525855456215750_9089991015791739988_n.jpg

Президент ар бир маселени жеринде угуп, тиешелүү органдарга тапшырма берип жатат. Бирок 7 миллион элдин арыз-муңун, ар бир айылдын маселесин президент жалгыз чечиши керекпи деген суроо туулбай койбойт. Мамлекет башчысы стратегиялык багыттарды, ири долбоорлорду чечип жатса, жергиликтүү чиновниктер эмне менен алек?

Элдин президентке түз кайрылып жатканы, мындай форматтагы жолугушууларга суусап турганы, бул жергиликтүү бийликке болгон ишенимдин жоктугу. Демек, карапайым калк акимге барып маселеси чечилбесине көзү жеткен соң, акыркы үмүт катары өлкө башчысына айтып жатат. Бул башкы бийлик жан үрөп иштеп жатканынан кабар берсе, ал эми жергиликтүү бийлик өзүнө жүктөлгөн милдетти толугу менен аткара албай жатканын айгинелейт. Же сөзсүз эле президент барып "муну чеч" деп атын атап көрсөтмөйүнчө, иш жүрбөйбү?

Саясий илимдеринин кандидаты Алмаз Ибраев “Кабар” агенттигине билдиргендей, жергиликтүү бийлик өзүнүн ишин так билиши керек. Анан да президент келет деп күтүп отурбай, мерчемделген иш планын өз убагында аткаруусу зарыл.

980445.68f38986088eb3257a9727289df024d5.500-e1669274843544

“Сөзсүз түрдө президент келип, жергиликтүү элдин катышуусу менен ошол айтылган көйгөйлөрдү чечиш керекпи? Албетте, президенттин аймактарга келиши жакшы, мында аткарылып жаткан иштерди тактоо жана көзөмөлдөө иретинде болгону туура. Балким жергиликтүү бийликтин компетенциясынан жогору турган маселелер жаралып кала турган болсо, президент катышып, чечкени туура. Тургундар күнүмдүк маанидеги көтөргөн маселелерин жергиликтүү бийлик өз убактысында чечип бериши керек деп ойлойм”, - деди ал.

Ошондой эле Алмаз Ибраев Советтер союзунан бери сиңип калган адат дагы деле бар экенин, бийликтегилер келет дегенде эле ары жак, бери жакты оңдоп-түзөп калган “илдеттен” арылуу керек деп эсептейт.

“Мурда көпчүлүктүн эсинде болсо керек, бийликтин келишине карата шарлар илинип, көчөлөр шыпырылып, дарбазалар сырдалып калчу. Көрсөтмө үчүн иш алып баруу эч качан болбошу кажет. Качан гана жергиликтүү бийлик өз жумушун так аткарса, анда президенттин аймакка келишине деле зарылчылык болбойт. Президенттин азыр облустарда атайын дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар, мурда губернатор деп аталчу. Алар түздөн-түз президент койгон тапшырмаларды жана чечимдерди иш жүзүнө ашырат”, - деп белгиледи Алмаз Ибраев.

Бул ирет Ош облусунда Садыр Жапаров менен жолуккан тургундардын айткан маселелери президенттин көзөмөлүнө алынганы үчүн тез арада аткарылышына күмөн деле жок. Эми аткаруу бийлигинин жергиликтүү өкүлдөрү президент кеткенден кийин кайрадан уйкуга кетпей, берилген тапшырмаларды абийир менен аткаруусу тийиш. Анткени мамлекеттин тагдыры бир гана президенттин жоопкерчилиги эмес, ал ар бир айыл өкмөттүн, акимдин, мэрдин, ар бир кызматкердин ишине болгон мамилесинен куралат.

Элге сырдалган тосмолор эмес, иштеген система жана көйгөйүн уга жана чече билген жергиликтүү бийлик керек.