Ош мэринин эл менен жолугушуусу Курманжан датка аймагында уланды

Аймак 406 13 Май 2026 14:30
697777752_1319423673709860_5634156263736169160_n.jpg
697777753_1319422080376686_1059003909001505944_n.jpg
697777759_1319424480376446_8362325114123605307_n.jpg
698800736_1319426330376261_5201338878505740240_n.jpg
697792512_1319422967043264_3539753714798518926_n.jpg
697777725_1319428823709345_3559485461161324416_n.jpg
697253025_1319430217042539_4862024634507401742_n.jpg
697777803_1319424587043102_1293071321894072338_n.jpg
697046980_1319432200375674_7710058160071340783_n.jpg
697777792_1319426440376250_339234936571739985_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Ош мэри Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушуусу Курманжан датка аймагында уланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда шаар башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте аймактык башкармалыктын жашоочуларынын көйгөйүн укту.

Жыйында аталган аймактагы көп кабаттуу үйлөрдүн абалы эскиргенин, жаңылоону карап берүү боюнча суроолор басымдуу болду.

Мындан тышкары, жарандар эки жыл мурун президент кол койгон “Тынчтык мыйзамына” ылайык, А. Шакиров көчөсүндөгү кафе-ресторандар, унаа жуучу жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, жашоочулардын тынчын албоосун да талап кылышты.

Ошондой эле буздурулган имараттарга жарандар кенемте төлөп берүүнү суранышты.

Жанарбек Акаев ар бир суроого жооп берип, айрым маселелерди жеринен чечсе, калгандарын карап чыгуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырды.