Талас облусунун Бакай-Ата районунда фасолду кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо боюнча заманбап завод ачылууга даярдалып жатат. Ишкананы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачуу пландалууда. Завод Талас облусунда көп жылдан бери негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири болуп келген төө бурчакты сатуу жана экспорттоо маселесин чечүүгө багытталган жаңы инфраструктуралык объектилердин бири болмокчу.
Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Байжигитовдун айтымында, төө бурчакты сатуу маселеси аймактагы дыйкандар үчүн эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Ал президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен бул багытты өнүктүрүүгө мамлекеттик каражат каралган белгиледи.

"Мамлекеттик каражаттан заводдуу курууга 200 млн сом бөлүнгөн. Таласта төө бурчак эң көйгөйлүү тармактардын бири болчу. Президенттин колдоосу менен бул долбоор ишке ашырылды. Завод курулуп бүтүп, мамлекет башчысынын катышуусунда ачылууга даярдалып жатат", — деди Максат Байжигитов.
Анын маалыматына караганда, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ак төө бурчактын Лопатка сортун килограммына кеминде 135 сомдон сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул жергиликтүү дыйкандарга түшүмүн сатууда ыңгайлуу шарттарды түзөт деп күтүлүүдө.
Завод Talasia бренди менен иштейт
"Талас Эко Фрукт" ишканасынын жетекчиси Медер Озорбаев завод "Talasia" бренди менен иштей турганын билдирди. Анын айтымында, ишкананын негизги максаты — Таластын фасолун экспорттоо маселесин чечүү жана жергиликтүү продукцияны түздөн-түз чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

"Буга чейин Таласта көптөгөн ишканалар иштеген, бирок алардын баары эле азык-түлүк коопсуздугу боюнча европалык стандарттардын талаптарына жооп бере берчү эмес. Биздин завод эл аралык талаптарды эске алуу менен курулуп жатат жана продукциянын керектүү сапатын камсыз кылышы керек", — деди Медер Озорбаев.
Ишканага Түркиядан заманбап жабдуулар жеткирилген. Бул жерде фасолду тазалоо, калибрлөө жана таңгактоо линиялары орнотулган.
Завод саатына 10 тонна фасолду кайра иштетет
Заводдун аймагында чийки затты жана даяр продукцияны сактоого арналган эки кампа жайгашкан. Алардын жалпы сыйымдуулугу 10 миң тоннага чейин. Даяр продукция 1 килограммдык таңгактарга, ошондой эле 25 жана 50 килограммдык каптарга салынат. Ишканада продукциянын сапатына ички көзөмөл жүргүзүлө турган өзүнүн лабораториясы да каралган.

Төө бурчак кабыл алынарда текшерүүдөн өткөрүлөт. Андан кийин гана чийки зат кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Бул продукциянын сапатын жана аны сатып алуунун тиешелүү шарттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Ишкана азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системасына коюлган талаптарды белгилеген ISO 22000 сертификатын алууну көздөп жатат.
Заводдун жетекчисинин айтымында, тиешелүү сертификаттын болушу продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн өзгөчө маанилүү.
"Чет өлкөлөрдө өз талаптары бар. Эгерде азык-түлүк коопсуздугу боюнча сертификат болбосо, продукцияны түз сатуу мүмкүн эмес. Буга чейин төө бурчак көбүнчө ортомчулар аркылуу сатылып келген. Эми бул процессти жөнөкөйлөтүүнү көздөп жатабыз", — деди ал.
Европа жана Түркияга экспорттолот
Учурда ишкана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен келишимдерге жетишкен. Европа өлкөлөрүнүн төрт-беш өлкөсүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Түркия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Алгачкы этапта Лопатка сортундагы ак фасолго басым жасалат. Кийинчерек ишкана фасолдун башка түрлөрүн, анын ичинде кызыл фасолду да кабыл алып, кайра иштетүүнү пландап жатат. Медер Озорбаевдин айтымында, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу Талас облусунда өндүрүлгөн фасолдун бардык көлөмүн кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет.
Дыйкандар үчүн кабыл алуу пункттары түзүлөт
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишкана кабыл алуучу пункттардын тармагын түзүү пландалууда. Келечекте мындай пункттарды Талас облусунун башка райондорунда да ачуу каралууда.
Мындан тышкары, ишканада төө бурчакты алдын ала тазалоочу атайын техника бар. Чийки зат кабыл алынгандан кийин тиешелүү кайра иштетүү, калибрлөө, сактоо жана таңгактоо баскычтарынан өтөт. Жабдууларды ишке киргизүүдө жана жергиликтүү кызматкерлерди өндүрүш линияларында иштөөгө үйрөтүүдө түрк адистери да көмөк көрсөтүшкөн.
Заводдо 104кө жакын жумуш орду түзүлөт
Ишкананын ишке кириши менен 104кө жакын жумуш орду түзүлөт. Биринчи кезекте Бакай-Ата районунун жашоочуларын ишке тартуу пландалууда. Заводдун жалпы аймагы 2,5 гектарга жакын, өндүрүш аянты 4,8 миң чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси мамлекет тарабынан 25 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.

Ошондой эле объектти куруу мезгилинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери коопсуздук маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Заводду расмий түрдө 12-сентябрда ачуу пландалууда. Ачылгандан кийин ишкана толук кандуу ишин баштайт.
Ошентип, жаңы завод төө бурчак менен иштөөнүн бир нече баскычын — дыйкандардан түшүмдү кабыл алуудан жана лабораториялык көзөмөлдөн тартып, тазалоо, калибрлөө, сактоо, таңгактоо жана продукцияны экспортко даярдоого чейин бир жерде жүргүзүүгө шарт түзөт.