Жаңы Достук айылында социалдык объектилердин курулушу башталды

Аймак 28 Август 2025 13:00
540451498_1312025766957542_538984521233910975_n.jpg
540000089_1312026096957509_2609532385311550200_n.jpg
540450869_1312026040290848_1859338779486046735_n.jpg
539900962_1312025906957528_8364296351649603904_n.jpg
540662706_1312025926957526_2164614356501761750_n.jpg
539427285_1312025876957531_2902658537117060066_n.jpg
539197123_1312025810290871_6506703794188790954_n.jpg
539917282_1312025790290873_7633655844135306025_n.jpg
539445897_1312025680290884_54453663619906544_n.jpg
540969105_1312025656957553_6898487793828270302_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагына жайгашкан Жаңы Достук айылынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов курулуштун жүрүшүнөн кабар алып, жол салуу, электр энергиясын жеткирүү иштерин жана социалдык объекттер курулуучу жайларды көрүп чыкты.

Облус башчынын айтымында, жаңы конуш калктын жашоосу үчүн бардык шарттар менен камсыз болушу керек.

"Ошондуктан ар бир жумуш белгиленген графикке ылайык, жогорку сапатка толук жооп бериши зарыл», – деди.

Белгиленгендей, жалпы аянты 57 гектар айылда 181 үйдүн курулушунан сырткары социалдык объекттердин да курулушу башталды.

Учурда:

  • Үйлөрдүн чатыры жабылып бүттү;
  • Ички ак шыбак жумуштары жүрүүдө;
  • Жылытуу системалары 140 үйгө орнотулуп бүттү;
  • Баткен шаарынын өнөр жай аймагына курулган 4,8 км асфальт жол дээрлик курулуп бүттү. Бул жол Жаңы Достук айылына алып барган негизги жол болуп саналат;
  • Айылдын ички жолдорунун курулушу да жүрүүдө,узундугу 10 чакырым;
  • Электр жарыгы менен камсыздоо иштери 75%га жасалды:
  • Социалдык обьектилердин курулушу башталды, 275 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАПтын курулушунун жер иштери жасалууда:
  • Таза суу жана саркынды суу системаларынын курулушу башталуу алдында турат.

Белгилей кетсек, айылдын бардык көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, тротуар, суу латоктору жана жашыл зоналары болот. Ар бир үйдүн короосу кооз тосмолор менен тосулат.

Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн, жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.

Жаңы турак жай аймагына, Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат.

Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн, Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери жүрүүдө.

Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.