Жаңы Достук айылы үчүн аба чубалгылар жана көмөк чордондор орнотулууда

Аймак 25 Июль 2025 15:10
524131543_18071263718476120_8527511368210649545_n.jpg
524150051_18071263766476120_4511177485637820595_n.jpg
524229843_18071263748476120_1416948051183391564_n.jpg
522967406_18071263727476120_4751586052312315553_n.jpg
522983954_18071263757476120_524542355074251825_n.jpg
523847170_18071263736476120_4151743984431283824_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Баткенде Жаңы Достук айылы үчүн аба чубалгылар жана көмөк чордондор орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылга керектүү энергетикалык инфратүзүмдү камсыз кылуу максатында энергетиктер "Кара-Булак" 35/10 кВ көмөк чордонунан "Овцекомплекс" багыты боюнча 10 кВ аба чубалгысы жаңыдан курушууда.

Долбоордун алкагында 114 даана электр мамысы орнотулуп, 4 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы тартылууда.

Ошондой эле аймактагы электр кубатын бөлүштүрүү жана керектөөчүлөрдү туруктуу энергия менен камсыз кылуу үчүн кубаттуулугу 400 кВА болгон 4 жаңы көмөк чордон орнотулууда.

Мындан тышкары, 217 даана жаңы электр мамысы орнотулуп, 9,3 чакырым узундуктагы 0,4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгыларын тартууга даярдык аяктады. Өз алдынча изоляцияланган бул зымдар коопсуздукту жана сапатты жогорулатат.

Белгилей кетсек, Жаңы Достук айылына 181 турак үй салынууда. Айылды туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоо максатында күндүн ысыгына карабастан, курулуш аянтында 4 атайын техника жана 17 квалификациялуу жумушчу иштеп жатат. Аталган жумуштарды сентябрь айына чейин толук бүткөрүү пландалган