Жаңы Баткен шаарынын курулушун долбоорлоо иштери жүрүүдө

Аймак Загрузка... 19 Сентябрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-09-19 at 11.35.43.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Жаңы Баткен шаарынын долбоорлоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты.

Ага ылайык, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар жер аянты трансформацияланды. Анда 100 миң адамга ылайыкталган экологиялык жашыл курулат. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.