Жаңы Баткен шаарын курууга 760 гектар жер трансформацияланды

Аймак 26 Сентябрь 2025 09:00
554967437_1334441064716012_7917578949645700262_n.jpg
553561811_1334441191382666_2797737898411759639_n.jpg
553687617_1334441018049350_8320987133914859048_n.jpg
553996797_1334441281382657_1526799751305319208_n.jpg
554104092_1334441031382682_6331950722141826641_n.jpg
554174934_1334441318049320_464151054477897027_n.jpg
554325118_1334441154716003_4727044302154800185_n.jpg
554934627_1334441144716004_4970992669264235004_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Жаңы Баткен шаарынын жери трансформацияланып, шаарды куруу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жумушчу топтун курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирип, жыйынга президенттин өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилик кылды.

Анда шаарды пландаштыруу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу маселелери талкууланып, жумушчу топтун тең төрагаларына тармактарды бөлүү сунушу каралды.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңы шаар курулуучу Баткен районунун Бужум айылынын күн чыгыш тарабында тике суу кудугу казылып, суу чыгаруу аракети сыноодон өткөн.

Буга чейин жаңы шаарды куруу үчүн 760 гектар жерди трансформациялоо боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан.

Жаңы Баткен шаары аймакты өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планынын алкагында курулуп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.