Жаңы автобекет менен "Ош" базары май айында ачылат – Туманбаев

Коом 13 январь 2026 15:44
Жаңы автобекет менен "Ош" базары май айында ачылат – Туманбаев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26 /Кабар/. Жаңы автобекет менен "Ош" базары май айларында ачылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аталган объектилер менен таанышуу учурунда билдирди.

Туманбаев билдиргендей, автобекетти жана жаңы базарды куруу иштери графикке ылайык жүрүп жатат. Бул объектилерди бүтүрүү үстүбүздөгү жылдын май айына белгиленген.

“Жаңы автобекет дагы, “Ош" базары дагы май айларында ачылып, ишке берилет”,-деди ал.