Жаңы асфальт, жаңы белгилер — Бишкекте 3,2 чакырым жол ачылды

Коом 16 сентябрь 2025 11:04
WhatsApp Image 2025-09-15 at 18.37.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 18.37.01.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-15 at 18.37.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-15 at 18.37.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин 15-сентябрда кайрадан пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 3,2 чакырым болгон бул жол тилкесинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Эки катмар жаңы асфальт төшөлдү;
  • Жаңы жол белгилери орнотулду;
  • Жол сызыктары жана разметкалар жаңыланды;
  • Жол боюндагы бордюрлар алмаштырылды.

Мындан тышкары, оңдолгон көчөлөрдүн айрым кесилиштеринде унаа тыгындарын азайтуу максатында кошумча жол тилкелери (чийиндер) кошулду.