Жаңы аэропорт, спорт сарай, филармония. Манас шаарынын инфраструктурасы өнүгүүдө

Аймак Загрузка... 16 Октябрь 2025 11:37
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Манас шаарынын ичиндеги аэропорт Сузак районунун аймагына чыгарылып, ал жерге көп кабаттуу “Манас Сити” шаарчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигиндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул шаарчада административдик корпустарды салуу мерчемделип, бирок азырынча чечим чыга элек.

“2020-жылы шаардын бюджети 496 млн сом болсо, бүгүнкү күндө 1 млрд 350 млн болду. Шаарды өнүктүрүүгө мурда 50 млн сом бөлүнсө, учурда 350 млн сомго чейин каражат бөлүнүүдө. Бизге 2023-жылы 2 млрд сом каражат бир жылда өздөштүрүү үчүн берилген. Дем алышсыз, тынымсыз иштеп, бөлүнгөн каражатты толук иштетип 11 объектибизди бүтүрүү менен дагы каражат сурай баштадык. Жыйынтыгында бир катар чоң иштер аткарылууда.

Алсак, Манас шаарында 5 миң 200 орундуу көп функционалдуу, узундугу 50 метр, туурасы 25 метр чоң бассейни менен спорт сарайы курулуп жатат. Буга чейин чоң, масштабдуу спорт сарай шаарда болгон эмес. Борборубуз Бишкек шаарында учурунда филармония 500-1000 адамга ылайыкташтырылып салынса, бүгүнкү күндө эл батпай калууда. Ошондуктан Манас шаарында 3 миң адам бата турган филармония куралы деп, долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Себеби, замандын талабына жараша элдин санынын өсүшүнө ылайыкташтырылып, 50-100 жылга алдын ала карап, курмакчыбыз.

Андан тышкары, президенттин “Акылман” лицейи бир эле Ысык-Көл облусунда эле эмес, түштүктө да болуш керек деген максатта “Акылман” лицейи салынып жатат. Биз акылдуу, зээндүү балдарды тандап алышыбыз керек. Бул лицейге Оштон, Манас шаарынан, Жалал-Абад облусунан барып окуган балдар өтө көп экен. Акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө бул лицейдин курулуш иштери жүрүп жатат”,- деди Манас шаарынын мэри.

Ошондой эле ал түштүк аймак боюнча кардиологиялык борбор өнөр жай аймагынын ичинде жайгашып, талапка жооп бербей келгендиктен, жаңы кардиологиялык борбор да курулуп жатканын маалымдады.

“Түштүк аймак боюнча кардиологиялык борбор талапка жооп бербегендиктен дарыгерлер да, эл да шарттарды түзүп берүүнү сурап келишкен. Мында дарыланган бейтаптардын саны өтө көп. Ошондуктан шаардын аймагынан жер бөлүнүп, жаңы кардиологиялык борбор унаа токтотуучу жайын эске алуу менен курулууда. Ошондой эле шаарга заманбап музей куруу пландалып жатат”,- дейт Ормоков.