Ишкерлер Ошко 300 түп кооз дарактын көчөттөрүн белек кылышты

Аймак
Ишкерлер Ошко 300 түп кооз дарактын көчөттөрүн белек кылышты

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Ош шаарындагы А. Навои көчөсүнө 300 түп катальпа дарагынын көчөтү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөттөр "Жашыл шаар" долбоорун колдоо максатында жергиликтүү ишкерлер тарабынан алып келинген.

Бекитилген графикке ылайык, быйыл шаар аймагына 20 миңге жакын дарак жана бадал, ошондой эле 1,5–2 миллион түп гүл отургузуу пландалууда.