"Жашыл мурас". Чоң-Кеминде 2 миң түп кайың көчөтү отургузулду

Коом 31 октябрь 2025 16:58
573852710_819264804059984_8618377703273009617_n.jpg
573628953_819264807393317_1647189933160307562_n.jpg
574023987_819265197393278_1163965640513899551_n.jpg
574100695_819264964059968_7990427910371753420_n.jpg
574350113_819265130726618_4606395464364684898_n.jpg
574439374_819264800726651_755788313006701093_n.jpg
574479553_819265117393286_4443410962854199481_n.jpg
574533755_819264960726635_5369879117224807215_n.jpg
574579200_819265294059935_4900633715195219965_n.jpg
574874667_819264957393302_8656645738947478925_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Бүгүн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Көчөт отургузуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кичи-Кемин токой бөлүмүнүн аймагына 4 гектар аянтка 2000 кайың көчөтү отургузулду.

Иш-чарага министр Медер Машиев, агенттиктин директору Марс Наспеков жана 200гө жакын кызматкерлер катышты.

Бак отургузуу иш-чарасы 23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнүнө арналды. Ак илбирс — тоо экосистемаларынын тең салмактуулугунун символу. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында учурда 11 илбирс байырлайт.

Министр Машиев белгилегендей, "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн максаты — өлкө аймагындагы жашыл аянттарды кеңейтүү жана келечек муундар үчүн таза экологиялык чөйрө түзүү.

2025-жылы бул өнөктүктүн алкагында республика боюнча 8 млн 300 миңден ашуун көчөт отургузулду.