Жашыл энергия: Өлкөдө кубаттуулугу 650 МВт болгон 13 ири долбоор ишке ашат

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 12:32
769b1d66d8bb27e2e54.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.

Министр Таалайбек Ибраев бүгүнкү күндө жалпы кубаттуулугу 650 МВт түзгөн шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча 13 инвестициялык келишимге кол коюлганын, ал эми бир катар ири долбоорлор активдешүү баскычында турганын билдирди.

"2025-жылдын 24-декабрында Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт болгон электр станциясы ишке берилди. Мындан тышкары, вьетнамдык компания 2116 гектар аянтка кубаттуулугу 1900 МВт түзгөн күн станциясынын курулушун баштады. "Юнигрин" компаниясы 2026-жылы дагы 300 МВт кубаттуулукту ишке киргизүүнү пландаштырууда. Ошондой эле "Росатом" компаниясынын 100 МВттык шамал электр станциясы ишке киргизүүгө даярдалып жатат", - деди ал.

Министр кайра жаралуучу энергия булактары боюнча бардык долбоорлор өлкөнүн энергетикалык секторун диверсификациялоого, энергиянын натыйжалуулугун арттырууга жана Кыргызстанда экологиялык таза электр энергиясын өндүрүүнү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.