Жашыл энергия: Араванда күн станциясынын курулушу жазда башталат

Аймак 21 Январь 2026 16:55
618069058_122198945348368081_5387015445895101903_n.jpg
618165257_122198945534368081_3653280824267817892_n.jpg
618310518_122198945792368081_3603231301206440264_n.jpg
618134969_122198945444368081_1960995118265083096_n.jpg
618597195_122198945816368081_3437662759322951746_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.01.26 /Кабар/ Араван районунун Сары-Таш айылында 200 гектар жерге жалпы кубаттуулугу 105 МВт болгон күн электр станциясын курулат.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн облус башчысы Аманкан Кенжебаев Араван районуна болгон иш сапарынын алкагында аталган аймактагы жер менен таанышып, тиешелүү жетекчилердин маалыматын укту.

Белгилүү болгондой, станция сырттан келген инвесторлордун каражатынын эсебинен курулат. Күн панелдерин орнотуунун биринчи этабы жаз айларында башталып, анда 15 МВттан жогору кубаттуулуктагы электр энергиясы өндүрүлө баштайт.

Ал эми экинчи этапта курулуш толук аяктап, жалпы кубаттуулук 105 МВтка жетет. Жалпы жонунан 450 миңге жакын күн панелдери орнотулат. Инвестициянын жалпы наркы 65 млн АКШ долларын түзүп, 35 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болушу күтүлүүдө.