Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Европа биримдигинин "Борбор Азиядагы туруктуу энергетикалык байланыштар" долбоорунун (SECCA) энергетика тармагынын эксперти Паата Джанелидзе министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаевге Каракол-1 чакан ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тапшырды.

Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, бул техникалык-экономикалык негиздемеде Каракол-1 чакан ГЭСинин кичи станциясы келечекте кандай курулат, суунун ГЭСке сезондук келиши, инвестициянын көлөмү, станциянын кубаттуулугу тууралуу жалпы маалымат камтылган.
“Бул маалыматты долбоордун эксперттери бизге жардам катары изилдеп, жасап беришти. Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлгөндөн бери Европа биримдиги менен биргеликте иш алып барып келебиз. Европа биримдигине Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү багытында бир кичи ГЭСтин жайгаша турган тилкесин техникалык-экономикалык негиздеме жасоо үчүн бергенбиз. Биримдиктин өкүлдөрү техникалык жардам катары чакан ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап беребиз деген сунуш менен келишкен. Азыр арадан 2 жыл өтүп, учурда Каракол-1 кичи ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп, учурда бизге расмий түрдө өткөрүп берип жатышат”,- деди Орозбаев.

Эмилбек Орозбаев аталган негиздемени фонд өз карамагына алып, бул кичи ГЭСти курарын же компанияларга сынак жарыяланарын маалымдады.
“Бул негиздемени Жашыл энергетика фонду өз карамагыбызга алып, бул кичи ГЭСти курабыз же ачык сынактын негизинде кайсы компания утса, ошол компанияга бергенге даярбыз. Бул чакан ГЭСтин кубаттуулугу болжолдуу 2 мегаватт деп белгиленүүдө. Ал эми инвестициянын көлөмү 4 млн доллар болушу ыктымал. Биз негиздеме менен таанышып көрүп, ошонун негизинде жалпы жыйынтыкты чыгарабыз”,- дейт фонддун директору.
Ал эми Европа биримдигинин "Борбор Азиядагы туруктуу энергетикалык байланыштар" долбоорунун (SECCA) энергетика тармагынын эксперти, эксперттер тобунун жетекчиси Паата Джанелидзе бул чакан ГЭСтин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого тиешелүү бардык тармактар боюнча алдыңкы адистер катышып, иш алып барышкандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, ГЭС курунун алдындагы кеңири изилдөөгө жергиликтүү адистер да тартылган.

Белгилей кетсек, өлкөдө жашыл энергетика багытында ГЭС курууда эл аралык уюмдар тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме даярдоосу практикада биринчи жолу болууда. Каракол-1 кичи ГЭСин курууда келечекте кандайдыр бир суроолор жаралса, уюмдун адистери Жашыл энергетика фонду менен иш жүргүзө беришмекчи.
Эмилбек Орозбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Жашыл энергетика фонду тарабынан кичи гидроэлектростанцияларды куруу үчүн өлкөдө 50дөй жер тилкеси бөлүнгөн. Күн жана шамал электр станцияларынын объекттилери тууралуу айтсак, күн электр станцияларына 15 жер тилкеси, шамал электр станцияларын курууга Ысык-Көл районунда 1 жер тилкеси берилген.

Эскерте кетсек, Жашыл энергетика фонду – кайра жаралуучу энергия булактары жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн каражаттарды топтоо жана максаттуу пайдалануу максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат. Фонд жашыл энергетика объекттерин долбоорлоону, курууну, оңдоону, реконструкциялоону жана пайдаланууну каржылайт. Ошондой эле экологиялык жактан таза энергия өндүрүүчүлөрдү субсидиялоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алуу механизмин камсыз кылуу функцияларын аткарат.