Жашыл экономика, санариптештирүү, IT индустрия. Кыргыз-япон кызматташтыгынын мүмкүнчүлүгү

Экономика 20 Декабрь 2025 15:37
602473192_1163867612601822_6126924295957067893_n.jpg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 15.26.32.jpeg
600900108_1163867482601835_9217493407212428870_n.jpg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 15.26.31 (1).jpeg
602420695_1163123926009524_7057269046925043870_n.jpg
Алдыга
Артка
602473192_1163867612601822_6126924295957067893_n.jpg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 15.26.32.jpeg
600900108_1163867482601835_9217493407212428870_n.jpg
WhatsApp Image 2025-12-20 at 15.26.31 (1).jpeg
602420695_1163123926009524_7057269046925043870_n.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга расмий сапары менен барган.

Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өттү. 300гө жакын бизнес өкүлдөрү чогулган форумда туруктуу өнүгүү, "жашыл" экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров япониялык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү менен инвестиция салуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушууларды өткөрдү.

Ал арада "Кабар" агенттиги Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кыргыз-япон кызматташтыгынын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу бир катар суроолорду узатты.

602420695_1163123926009524_7057269046925043870_n.jpg

Япония менен Кыргызстандын кайсы тармактарда кызматташууга потенциалы бар?

— Япония менен Кыргызстандын кызматташууга транспорт жана логистика, инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика (анын ичинде ГЭСтерди модернизациялоо), тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана кайра иштетүү, ошондой эле санарип технологиялар жана IT тармактарында олуттуу потенциалы бар. Мындан тышкары, кадрларды даярдоо, билим берүү жана эмгек ресурстары боюнча кызматташтык өзүнчө маанилүү багыт болуп саналат.

— Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү кандай?

— Бүгүнкү күндө Япония менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү салыштырмалуу чакан — жылына бир нече он млн доллардын тегерегинде. Ошол эле учурда акыркы жылдары өсүү тенденциясы байкалууда. Сооданын түзүмүндө Япониядан Кыргызстанга негизинен техника, унаа жана жабдуулар импорттолот, ал эми Кыргызстандын Японияга жалпы экспортун кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар.

WhatsApp Image 2025-12-20 at 15.26.31 (1).jpeg

— Япон жана кыргыз ишкерлери кайсы багыттарда алака түзүүгө кызыкдар?

— Япон ишкерлери узак мөөнөттүү, туруктуу долбоорлорго — инфраструктурага, өндүрүшкө, энергетикага, технологияларга жана экологиялык стандарттарды сактаган ресурстук долбоорлорго кызыкдар. Кыргыз ишкерлери болсо япон технологияларын, башкаруу тажрыйбасын, инвестицияларды тартууга жана жапон рыногуна чыгууга умтулууда. Эки тарап тең B2B кызматташтыкка, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана практикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуу көрсөтүүдө.