Маданият министри БУУнун туруктуу координатору менен жолукту

Коом 18 июнь 2025 09:40
509016142_1019749380316818_3308761216558954163_n.jpg
507038778_1019749443650145_3205669032981307111_n (1).jpg
509428238_1019749566983466_6462982871683173637_n (1).jpg
509424693_1019749343650155_8832768086719813281_n.jpg
Алдыга
Артка
509016142_1019749380316818_3308761216558954163_n.jpg
507038778_1019749443650145_3205669032981307111_n (1).jpg
509428238_1019749566983466_6462982871683173637_n (1).jpg
509424693_1019749343650155_8832768086719813281_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек 18.06.2025 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Айрыкча жаштарды колдоо, маданиятты өнүктүрүү жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жаштар саясатын ишке ашырууда күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленип, жаш муунду туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү тартуу зарылдыгы айтылды. Тараптар жалпы максаттарга жетүүгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында мындан аркы кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Министр Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруудагы ишенимдүү өнөктөш катары системалуу ролун, атап айтканда, жаштардын потенциалын өнүктүрүүдө, креативдүү индустрияларды колдоодо жана маданий мурасты сактоодо кошкон салымын белгиледи.