Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Жаштар коомдун жардамга муктаж катмары эмес, жаштар мамлекетибиздин өнүгүүсүндөгү негизги өнөктөшү, күчү жана таянычы. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар башкармалыгынын башчысы Бакай Кожомкул уулу билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаштар үчүн сапаттуу билим алууга, ишкердикти өнүктүрүүгө, чыгармачылык жана социалдык демилгелерди ишке ашырууга, коомдук турмушка активдүү катышууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар жана мамлекет жаштардан дайыма позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтөт.
“Бүгүн Бишкек шаарында жыл сайын белгиленип келген Эл аралык жаштар күнүнө карата жаштар үчүн атайын фестиваль өткөрүп жатабыз. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринен активдүү жаштар катышууда. Фестивалдын алкагында лидерлик сапатты өнүктүрүү, робототехника, IT сыяктуу жаштарга керектүү тармактар боюнча эксперттер чогулушту. Иш-чарада Борбор Азия боюнча алдыңкы лидер жаштар өздөрүнүн ой-пикирлери, көз караштары менен бөлүшөт. Бул маанилүү аянтчада катышуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды, жакшы бир эмоцияларды ала алышат. 2 миңге жакын активдүү жаштарды бириктирген иш-чара өз максатына жетип, жаштарыбызга пайдалуу болот деп ишенем”,- деди министрликтин өкүлү.
Бакай Кожомкул уулу өз сөзүндө жаштар өлкөбүздүн энергиясы, билими, чыгармачылык дарамети жана келечекке болгон ишениминин негизги булагы экендигин белгиледи.
“Кыргызстандын эртеңи ушул жаш муундарыбыздын демилгесине, аракетине, жоопкерчилигине жана мекенчилдигине байланыштуу. Акыркы расмий маалымат боюнча өлкөбүздүн калкынын саны 7 млн 400 миң болсо, анын ичинен жаштар калкыбыздын 35 пайызын түзөт”,- деди ал.
Белгилей кетсек, учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде 12-август - Эл аралык жаштар күнүнө карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы жаштарын бир аянтчага бириктирген Go Viral Festival иш-чарасы өтүүдө.