Жаштар климаттын өзгөрүшүнө каршы сунуштарын иштеп чыгууда

Коом 10 октябрь 2026 10:55
9e406112-6d50-4a00-95af-2430553ce9b3.jpeg
2cde4754-1086-4e5e-847d-e45918f879d8.jpeg
734f3b17-9210-4d72-abee-d3b1237fb031.jpeg
Алдыга
Артка
9e406112-6d50-4a00-95af-2430553ce9b3.jpeg
2cde4754-1086-4e5e-847d-e45918f879d8.jpeg
734f3b17-9210-4d72-abee-d3b1237fb031.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жаштарды тартууга багытталган LCOY Kyrgyzstan 2026 улуттук жаштар климаттык конференциясы өттү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштар, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү климаттык көйгөйлөрдү талкуулап, практикалык сунуштарды иштеп чыгышты. Ошондой эле Digital4Climate.KG жаштар хакатонунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Конференциянын жыйынтыгында жаштардын климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча сунуштарын камтыган Кыргызстандын 2026-жылга карата жаштар климаттык резолюциясын даярдоо каралган. Документ тиешелүү мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга жана жаштардын климаттык тармактарына сунушталат.