Жашоом Эверестке чейин жана кийин деп бөлүнөт - Эдуард Кубатов

Коом Загрузка... 06 Ноябрь 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-11-06 at 12.57.22 (2).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Жашоом Эверестке чейин жана кийин деп бөлүнөт. Мындай пикирин Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

“Жашоом Эверестке чейин жана кийин деп бөлүнөт. Анткени, Эверестте мен өмүр менен өлүмдүн ортосунда калдым. Алгач ирет 8 миң метрлик чокуга чыгып жаткан кыргызстандык биринчи адам болдум. Бул мен үчүн өтө оор жана сыноолорго бай мезгил болду. Чокуга 80 метр калганда жашоого болгон үмүт өчүп, өзүмө көп суроолорду бере баштагам. Ошол учурда өзүмө “Жашоодо туура жашадымбы?”, “Кимге кандай пайда алып келдим?”, “Негизги максатыма жеттимби?”, “Кимдин көңүлүн ооруттум?” деген суроолорду бердим. Айрымдардан ички дүйнөмдө кечирим да сурадым. Эверестке чыгып келгенден кийин жашоом 180 градуска өзгөрдү. Эгерде Эверестке 35 жашымда чыкканда, жашоом таптакыр башкача нукка бурулушу мүмкүн эле.

Мурда бизнес, акча, бийлик деп гана жүрчүмүн. Ири суммадагы каражат таап, көп долбоорлорду ишке ашырып, кээде адамдарды тоготпой да калчумун. Мен үчүн негизги баалуулуктар - кымбат унаа, кийим-кече, батир болчу. Өзүмдү аристократ сезип калган учурлар болгон. Эверестте мунун баарын кайрадан ойлонуп чыктым. Азыр ошол нерселер мен үчүн экинчи планда турат. Учурда мен өлкөмө пайда алып келе турган инсан болгум келет,” – деди ал.