Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Коом Загрузка... 31 Март 2025 17:17
2024-07-17_11-50-12.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/.Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, ошентип Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Ал эми чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл түзүлдү. Коомдук транспортто эч кандай өзгөрүүлөр болбойт.