Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. “Жаш акын” республикалык кароо-сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак жаш акындарга чыгармачыл талантынын ачылышына, поэзия дүйнөсүндө биринчи кадамдарын жасоого жана өз үнүн коомго угузууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Катышуучулар болгону 5 автордук ырын жөнөтүү керек.
Өтүнмөлөр 5-декабрга чейин кабыл алынат.
Ырларды жөнөтүү үчүн электрондук дарек: jashakyn2025@gmail.com, кошумча маалымат үчүн: 0550 30 68 08 (WhatsApp).
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган.
Бардык катышуучуларга атайын белектер берилет.