Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматындагы реформалардын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин дароо башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, экинчи этаптын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу.
“Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZET`тин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз", - деди ал.
Шыкмаматов KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөнүн белгиледи.
“KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчеттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет. KEZET`ти тесттик ишке киргизүү 2026-жылдын январь айына пландаштырылды. Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулат”,-деп белгиледи ал.