Жарым жылда жеңилдетилген насыяларга 7,6 млрд сом бөлүндү

Экономика 279 06 Август 2026 15:45
fsh-850x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Элдик Банк" ААК менен биргеликте ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында жалпы 7 млрд 606,1 млн сомго 5 690 насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, эң көп каржылоо "Айыл чарбасын каржылоо – 14" программасы аркылуу жүргүзүлүп, анын алкагында 4 363 насыяга 2 млрд 629,3 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле агроөнөр жай комплекси, асыл тукум мал чарбачылыгы, кайра иштетүү тармагы жана чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча программалар каржыланды.

Министрлик белгилегендей, жеңилдетилген насыялар өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө.