Жарым жылда Ысык-Көлдөн 50 миң метр тор жана 1,2 тонна таштанды чыгарылды

Аймак Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, былтыр бир жыл ичинде көлдөн 47 миң 500 метр эски тор алынган болсо, быйыл бул көрсөткүч жарым жылдын ичинде жетишитилди.

"Ошондой эле министрлик тарабынан жыл башынан бери көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Алардын арасында унаа дөңгөлөктөрү, амортизаторлор, спорттук шаймандар жана башка буюмдар болгон", - деди ал

Тентимишев белгилегендей, тазалоо иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдө балыктардын саны көбөйүп, алардын көлөмү да өсүп жатканы байкалууда. Ал эми көлдөн чыгарылган таштандылар топтолуп, Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынат.