Жарым жылда Кыргызстанда 87 812 айдоочулук күбөлүк берилди – агенттик

Коом Загрузка... 13 Август 2025 12:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. 2025-жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргызстанда жалпы 87 812 айдоочулук күбөлүк берилди. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

WhatsApp Image 2025-08-13 at 11.49.39 (1).jpeg

Анын айтымында, берилген күбөлүктөрдүн түрлөрү төмөнкүдөй:

  • улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр – 85 816,
  • эл аралык үлгүдөгү – 1 597,
  • тракторист-машинист күбөлүктөрү – 399.

“Ал эми 2025-жылдын январь айынан июль айына чейин айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынакка 308 463 талапкер катталган.

Анын ичинен:

  • ийгиликтүү тапшыргандар – 48 531,
  • тапшыра албагандар – 174 855,
  • келбегендер – 85 077.

Практикалык сынакка 123 476 талапкер катталган, анын ичинен 61 998 ийгиликтүү тапшырса, 61 488 тапшыра алган эмес”,-деди ал.