Жарым жылда көлдөрдөн 86 миң метрден ашык тор чыгарылды

Коом 6 июль 2026 10:45
699738389_1631123364827262_975850665602887154_n.jpg
679573259_954455903874206_4847780608272856490_n.jpg
680757511_954455957207534_1631317470745100462_n.jpg
679856786_955240117129118_692819685869227841_n.jpg
679620282_955337307119399_3596994703828396979_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан өлкөдөгү суу объектилеринде жалпы 160 рейд өткөрүлдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө суудан жалпы 86 миң 550 метр мыйзамсыз салынган синтетикалык тор жана 1 655 кг таштанды чыгарылды.

Рейддер Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө, Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарында жүргүзүлдү.

"Экологияга келтирилген зыян үчүн жалпы 948 миң сомдон ашык доо коюлуп, мыйзам бузгандарга 320 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик суу экосистемасын сактоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддик иш-чараларды өлкө аймагында үзгүлтүксүз улантарын эскертет.