Жарым жылда 67,4 миңден ашуун наристеге "Балага сүйүнчү" берилди

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-07-15 at 09.29.21.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, аталган төлөмдү каржылоого 271 млн 34 миң сом багытталды.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 миң 967 балага "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү дайындалган.

Эмгек министрлиги "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал мыйзамдарда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.