Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылында 18-январда калың кар жаады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жааган кардын кесепетинен күрткүлөр пайда болуп, кардын калыңдыгы жарым метрге чейин жеткен.
Мындай аба ырайы айыл ичиндеги каттамды кыйындатты.