Жарыктын жапырт өчүшүнө аба чубалгыларындагы авария себеп болду

Коом 17 июль 2026 15:15
Жарыктын жапырт өчүшүнө аба чубалгыларындагы авария себеп болду
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Өлкө аймагында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына 220 кВ чыңалуудагы "Кара-Балта – Главная" жана "Главная – Шу" электр берүү линияларынын авариялык түрдө өчүшү себеп болду. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авариянын натыйжасында жүктөмдү автоматтык түрдө өчүрүүчү системалык автоматика ишке кирген.

"Учурда ишкана тарабынан электр менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Технологиялык үзгүлтүктүн келип чыгуу себептери такталууда", — деп айтылат маалыматта.