Бишкекте филармониянын жанындагы оргума жаңыланды – сүрөт

Коом 121 12 Август 2026 09:20
772138375_1330595528839829_1352599440179947915_n.jpg
771002414_989089844149709_1313184103200960918_n.jpg
765932821_2098604674026415_4629047959485747589_n.jpg
767161497_2156434541950089_6774201692067684975_n.jpg
771795573_2058710954755347_7738908952901857201_n.jpg
772092557_1048884944194592_3676216472761300724_n.jpg
772218301_3204570243084500_1106613235695896077_n.jpg
772378997_2963715490635555_7457469827257567547_n.jpg
772689176_1354490016338030_1685952400778685959_n.jpg
772879854_1539198171315538_5271320688930284600_n.jpg
772933417_27972500085768783_829125562539615382_n.jpg
773339195_921693693730453_4930761208781264955_n.jpg
773511016_1046206418038689_4033390024628423380_n.jpg
773531436_1763558618106370_3936635095873487041_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы оргума (фонтан) жаңыланып, жарык-музыкалык система менен жабдылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун шаар мэри Айбек Жунушалиев Жаштар аллеясындагы көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жаңыланган оргуманын техникалык ачылышына катышты.

Фонтанга заманбап суу тазалоочу жана жалбырак чогултуучу жабдуулар орнотулуп, "бийлеген" суу эффекттери менен коштолгон жарык-музыкалык система ишке киргизилди.

Ошондой эле филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки оргума жаңыланды. Аймакта ирригация жана тышкы жарыктандыруу системалары модернизацияланып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана таштанды челектери орнотулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн алты пандус да орнотулууда. Мындан тышкары, филармониянын фасады жаңыланууда.

"Мэр подряддык уюмга аныкталган кемчиликтерди жоюп, иштерди толук бүткөрүүнү тапшырды",-деп айтылат маалыматта.