Жаратылыштын кооздугу. Ош шаарындагы күн карама талаасындагы кооздук - сүрөттөр

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Исхак Туратбеков

Ош — Кыргызстандын экинчи ири жана Орто Азиянын эң байыркы шаарларынын бири. Анда айтылуу Сулайман-Тоосу жайгашып, шаарга кошумча көрк берип турат.

Андан сырткары шаардын сыртында күн карама талаалары көп кездешет.

"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү Исхак Туратбеков Ош шаарындагы күн карама талааларынан жомоктогудай кооз кадрларды сүрөткө түшүргөн.

Күнкарама баалуу да, кооз да өсүмдүк. Күнкараманын себетчеси күн тийген тарапты көздөй бурула берет.

Күнкараманын илимий аталышы — Helianthus annuus — «күн» жана «гүл» деген грек сөздөрүнөн, «бир жылдык» деген маанини туюнткан латын сөзүнөн турат. Адатта, бул өсүмдүктүн бийиктиги 2 метрге жетет, бирок айрым түрлөрү андан эки эсе бийик болот. Өсүмдүктүн гүлү чымкый сары тилче-таажылар менен курчалган чоң себетче сымал. Гүл төшөгүнүн бети көптөгөн кара түтүкчө-топ гүл менен капталган. Курт-кумурска чаңдаштыргандан кийин түтүкчө-гүлдөрү даамдуу уруктарга айланат. Себетчелердин чоңдугу 5—50 сантиметрге жетип, көлөмүнө жараша, 100—8 000 урук өсүп чыгат.

Күнкараманын данынан май өндүрүлүп чыгарылат.