Жаратылышты коргоо күчөйт: Ысык-Көлдө министрликтин жаңы имараты курулат

Аймак 10 Февраль 2026 15:42
631645183_896440219675775_4303193520827466076_n.jpg
631801546_896440159675781_3677163264858018755_n.jpg
631924361_896440289675768_4920529745537463153_n.jpg
631936269_896440323009098_4407048860223267487_n.jpg
633137974_896440189675778_7952724934724758498_n.jpg
633312314_896440266342437_5170690286766208774_n.jpg
633535606_896440149675782_5361541848494054528_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага катышкан министр Медер Машиев жаңы имараттын курулушун маанилүү окуя катары белгилеп, бул долбоор аймак үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү окуя экенин айтты. Жаңы имарат экологиялык коопсуздукту камсыздоого, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышын сактоого багытталган маанилүү кадам болорун кошумчалады.

Ошондой эле ал президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында 2025-жылы облус аймагында 98 рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз орнотулган 30,6 чакырым синтетикалык балык уулоочу торлор жок кылынганын, келтирилген зыян үчүн 3 млн сомдон ашык суммага доо арыздар коюлганын айта кетти.

Курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик мекемеси жүргүзүүдө. Курулуш иштерин 2026-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга министрликтин каражаттарынан 79 млн сом бөлүнгөн.