Жаратылыш ресурстары министри Жалал-Абаддагы тоо-кен ишканаларын текшерди

Аймак 26 Май 2026 14:14
1.jpg
706582175_980335244619605_3632858257542503331_n.jpg
706582412_980335054619624_8584994531430498890_n.jpg
708993692_980335184619611_7920832472254394812_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
706582175_980335244619605_3632858257542503331_n.jpg
706582412_980335054619624_8584994531430498890_n.jpg
708993692_980335184619611_7920832472254394812_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын алкагында министр аймактагы бир катар тоо-кен ишканаларынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды талкуулады.

Иш сапардын жүрүшүндө экологиялык ченемдерди сактоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана объектилерде эмгекти коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мыйзам талаптарын так аткаруу зарылдыгы баса белгиленди.

Министр лицензиялык келишимдердин жана колдонуудагы ченемдердин шарттарын сактоо менен ишканалардын процесстерин модернизациялоонун жана өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгиленгендей, иш сапардын жыйынтыгы боюнча ишканалардын жетекчилерине иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, өндүрүштүк тартипти күчөтүүгө жана региондун тоо-кен казып алуу тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тапшырмалар берилди.