Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын жарандык авиациясы активдүү өнүгүү этабында турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бектур Жумалиев билдирди.
“Өлкөнүн аймактык аэропорттору кеңири модернизацияланып, оңдоп-түзөө иштеринен өтүп жатканын көрүп жатабыз. Жаңы объектилер ачылууда. Жакында эле Нарын шаарындагы аэропорт ишин баштады. Ага чейин Талас аэропорту ачылган. Азыр “Ысык-Көл” аэропортунда жаңы аэровокзал комплекси курулууда, Ош аэропорту кайрадан профилденүүдө, ошондой эле “Манас” аэропортунда жаңы имарат салынууда. Мунун баары Кыргызстандын жарандык авиациясы ишенимдүү түрдө алдыга жылып жатканынан кабар берет”,-деди ал.
Ошондой эле Бектур Жумалиев билдиргендей, Кыргызстанды Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарууга карата активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
“Агенттиктин жана жалпы команданын үч жылдык ишинин жыйынтыгында биз бул процесстин акыркы этабында турабыз. Кыргызстандын декабрдагы аудитинин жыйынтыктары боюнча адистер менен техникалык жолугушуу өткөрүү максатында биздин делегация бүгүн Бельгияда жүрөт. Алдын ала божомолдор боюнча, “кара тизмеден” чыгууга бардык негиздер бар”,-деп белгиледи ал.