Жарандык авиация агенттиги бош орундарга сынак жарыялады

Коом Загрузка... 03 Июль 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-07-03 at 15.02.46.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги мамлекеттик кызматтын бош административдик орундарын ээлөөгө сынак жарыялады.

Агенттиктен билдиришкендей, жалпы бош орундардын саны 26 бирдикти түзөт.

Сынак “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга жана сынакты өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт.

Катышуучунун авиациялык же башка жогорку билими, иш тажрыйбасы жана тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүүсү керек, англис тилин өздөштүрө алуусуна артыкчылык берилет.

Сынакка катышуу үчүн https://forms.gle/TbeEcWRSDx8TunvC7 шилтемеси аркылуу арыз калтыруу зарыл.

Кошумча шилтемелер:

- Бош орундар, талаптар жана милдеттер жөнүндө толук маалымат: https://www.caa.kg/ky/novosti/gosudarstvennoe-agentstvo-grazhdanskoy-aviacii-pri-kabinete-ministrov-kyrgyzskoy-1

- сынакка катышуу үчүн арыз - https://forms.gle/sjvkAt9moNoaaZ6VA (кыргыз тилинде), https://forms.gle/aVhVQ75wHKf9hK6r5 (орус тилинде).