Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин жаңы имараттарынын курулуш иштери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө тааныштырылды.

Анда белгилүү болгондой, жалпы аянты 10 гектар жерге 7 кабаттан турган Борбордук калкты тейлөө борбору жана 6 кабаттан турган Мамлекеттик каттоо кызматынын имараттары курулууда. Курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгы жүргүзүүдө.
Иш башкармалыктын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов белгилегендей, жогоруда аталган имараттар жарандардын ыңгайлуулугу жана кезек күтүүлөрдү жок кылуу максатында президенттин тапшырмасы менен салынууда.

“Эки имараттын тең курулуш иштери март айында башталган, учурда 60-70%зы бүтүп калды. Быйылкы жылы алардын чатырлары жабылып, сырткы фасаддары бүтүп, ички жасалгалары жасалат.
Бишкек шаарындагы төрт райондун калкты тейлөө борборлору ушул жерге көчүрүлүп, Борбордук КТБ болуп өзгөрөт. Бүгүнкү күндө алар борбор калаанын ар кайсы тарабында жайгашкандыктан, качан болбосун кезек күтүүлөр болуп келет. Ал эми анын жанына Кадастр кызматынын имаратынын башкы кеңсеси жана Бишкек шаарындагы филиалы жайгашат.

Курулуш иштери толугу менен бүтүп, кийинки жылы аталган кызматтар иштеп баштагандан кийин кезек күтүү деген маселе болбойт. Жарандар мамлекеттик кызматтарды алуусу үчүн болгон шарттардын баары түзүлүүдө. Андыктан, шаар тургундарынан сабыр кылып күтө турууну суранабыз”,-деди ал.
Жаңы салынып жаткан имараттарда заманбап кабыл алуу залдары, күтүү зоналары, санариптик кызматтар жана 252 унаа токтотуучу жай каралган.