Жарандардын өтүнүчү эске алынды: Бишкекте №13 автобус түнкүсүн да каттайт

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 13:00
540303761_3534473406695833_634350319607361554_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Бишкек мэриясында "Бишкекавтобекет" муниципалдык ишканасынан каттаган №13 автобустун түнкү каттамын уюштуруу маселеси каралды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жайкы туристтик мезгилге байланыштуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору автобекеттен шаарга түнкү убакта жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул демилгени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев колдоду.