Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров каржылык пирамидага алданып, 150 миң сомун кайтара албай жаткан Москва районунун тургуну Айгүл Назарованын арызын карап чыгууну укук коргоо органдарына тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Москва районунун тургундары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Анда Айгүл Назарова 2018-жылы “Барс Кей Жи Инвест” компаниясынын каржылык пирамидасына алданып калганын билдирди. Анын айтымында, компаниянын Кыргызстандагы координаторлору жарандардан чет өлкөдөн инвестиция тартып келүүнү убада кылып, андан 150 миң сом алышкан.
Ал 2023-жылдан бери укук коргоо органдарына кайрылып келе жатканын, бирок азыркыга чейин маселеси чечилбей жатканын айтты. Ошондой эле Башкы прокуратурага жеке өзү да, башка жабырлануучулар менен биргеликте да кайрылганына карабастан, натыйжа болбогонун белгиледи.
Анын маалыматына караганда, Талас облусунда аталган компаниянын координаторуна карата кылмыш иши козголуп, 13 жарандын акчасы кайтарылган.
Президент бул маселени тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырды.
“Дагы бир жолу айтарым, жеңил акчага алданбагыла. 150 миң сом бере койсоң эле, 200 миң кылып берем дегендерге ишенбегиле”, — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчысы өлкөдө учурда каржылык пирамидалардын ишмердүүлүгү бар-жогун ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон сурады.
Өз кезегинде ал мындай схемаларга негизинен бөгөт коюлганын айтып, каржылык пирамидаларга байланыштуу кайрылуулар мурдагы учурларга тиешелүү экенин белгиледи. Ошондой эле учурда киберкылмыштуулук фактылары көбөйүп жатканын кошумчалады.
Министрдин биринчи орун басары Айгүл Назарованын арызы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.