Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Баластан” билим берүү комплексинин имаратына байланыштуу талашты чечип, аны ишкер айым Гүлсаадат Мендигуловага толугу менен кайтарып берүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Москва районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда ишкер Гүлсаадат Мендигулова президентке кайрылып, өзү негиздеген “Баластан” билим берүү комплексинин имаратына байланыштуу маселе жаралганын айтты.
Анын маалыматына караганда, ал комплексти 10 жылдан бери иштетип келет. Учурда мекемеде 40 кызматкер эмгектенип, 400 бала билим алууда. Ишкер имаратты 2016-жылы начар абалда 100 миң долларга сатып алып, кийин өз каражатына оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.
Анын айтымында, прокуратура аталган имарат боюнча доо арыз менен сотко кайрылган. Биринчи инстанциядагы сот имаратты өкмөткө кайтаруу чечимин чыгарган. Ишкер бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз бергенин билдирди.
Мындан тышкары, анын дагы бир бала бакча куруу долбоору жана инвестору бар. Бирок жер тилкеси камакка алынгандыктан, курулуш иштерин баштай албай жатканын айтты.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бул жер тилкеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таандык болгонун, кийин ишкердин менчигине өткөнүн белгилеп, министрликтин бул боюнча дооматы жок экенин билдирди.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров айылдык кеңештин депутатынын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлгөнүн айтты. Анын маалыматына ылайык, 1990-жылдары жерди жеке менчикке өткөрүүдө мыйзамда каралган жол-жоболор бузулган деген негизде сотко доо арыз берилген.
Маселени угуп чыккан президент тиешелүү органдарга дооматтарды кайра карап чыгып, имаратты толугу менен ишкерге кайтарып берүүнү тапшырды.
“Беш жылдан бери айтып келе жатам. Жеке ишкерлер бала бакча же мектеп курам десе, жерди 49 жылга акысыз берип жатабыз. Кийин дагы 49 жылга узартып беребиз. Бюджетке үнөм болсун деп, жеке ишкерлерди көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз.
Мамлекет жүздөгөн мектептерди куруп, аларга 50-60тан мугалим алат. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтарга да бюджеттен каражат бөлүнөт. Бул чыгымдардын баары элдин чөнтөгүнөн, республикалык бюджеттен төлөнөт. Ал эми жеке ишкерлер билим берүү мекемелерин куруп, мамлекеттин чыгымын азайтууга салым кошот.
Андыктан, жанындагы жер тилкесин да бала бакча куруу үчүн бөлүп бергиле. Бул менин жеке саясатым эмес, мамлекеттин саясаты. Мектеп менен бала бакча үчүн жерди да, имаратты да аябайлы”, — деди Садыр Жапаров.