Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы мектептин абалын текшерип, зарыл болсо, жаңысын куруу же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү маселесин кароону тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Москва районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жолугушууда айылдын өкүлү 1961-жылы курулган мектептин имаратынын 80%ы авариялык абалда экенин айтып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарга байланыштуу маселе көтөрдү.
Президент курулуш министри Нурдан Орунтаевден аталган мектеп жаңы курула турган 111 мектептин тизмесине кирген-кирбегенин сурады.
Министр мектеп тизмеде жок экенин айтып, сейсмикалык туруктуулукту текшерүүчү тиешелүү агенттиктин корутундусуна жараша имаратты оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк бар-жогун карап чыгуу керектигин белгиледи.
Буга байланыштуу президент Агартуу жана Курулуш министрликтерине мектептин абалын жеринен текшерип, зарыл болсо, аны 112-мектеп катары жаңыдан куруу же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин чечүүнү тапшырды.