Ак-Торпокто 200 гектар аянтта индустриалдык-логистикалык парк курулат

Аймак
Ак-Торпокто 200 гектар аянтта индустриалдык-логистикалык парк курулат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров күн мурун Москва районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, аталган райондогу Ак-Торпок айылында 200 га аянтта индустриалдык-логистикалык парк түзүү пландалууда.

Долбоордо ишканаларды жана инвестицияларды тартуу үчүн даяр инфраструктурасы бар өндүрүш аянтчасын түзүү каралган. Толук кубаттуулукка чыккандан кийин 350–500 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт деп күтүлүүдө.