Жапаров менен Мирзиёев бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Бетме-бет форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди жылуу тосуп алып, анын мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Лидерлер бүгүн эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланып, жетишилген макулдашуулар тиешелүү документтер менен бекемделерин белгилешти.

Андан соң президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтүүчү залга жөнөштү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жаткан мезгилге туш келип, практикалык күн тартибине бай экенин белгиледи.

Президент Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана Шавкат Мирзиёевдин Борбордук Азияда ынак коңшулук мамилелерди, өз ара ишенимди жана түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын жогору баалады.

Мамлекет башчысы биргелешкен саясий эрктин аркасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо толугу менен аяктаганын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кол коюлуп жаткан документтер чек ара маселелерин биротоло жөнгө салып, өткөрүү пункттарынын санын көбөйтөрүн, бул чек арага чектеш аймактардын жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сооданын, транспорттук-логистикалык потенциалдын жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

Президент Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюунун өзгөчө маанисине токтолуп, бул документ эки тараптуу кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарын айтты. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлүүдө.

Мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу сыяктуу биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанисин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алдында өткөн Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын, бизнес-форумдун, Ишкерлер кеңешинин жыйынынын, Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлор форумунун жыйынтыктарына токтолду.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек кызматташтыгы саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүдөн тартып маданий-гуманитардык, билим берүү жана илимий байланыштарга чейин бардык багыттар боюнча ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өсүшүнө, өнөр жай потенциалынын жогорулашына жана калктын реалдуу кирешелеринин көбөйүшүнө чын жүрөктөн кубанып турганын билдирди.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен өнүгүү программаларын ар тараптуу колдоону улантарына ишендирди.

Өзбекстандын президенти бүгүнкү күндү тарыхый күн деп атап, эки өлкө ө ара мамилелерди союздаштык деңгээлине көтөрүп жатканын белгиледи. Бул кылдат жана үзүрлүү биргелешкен эмгектин натыйжасы болуп, боордош эки элдин тарыхында түбөлүккө сакталат.

Ошондой эле Шавкат Мирзиёев тараптар товар жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүү боюнча макулдашканын айтып, эки миллиард долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес экенин баса белгиледи.

Шавкат Мирзиёев стратегиялык долбоорлорго да өзгөчө көңүл буруп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун аймактагы геосаясий кырдаалды өзгөртө турган “кылымдын курулушу” деп атады. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун маанисине токтолду.

Сөзүнүн соңунда президент Шавкат Мирзиёев бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өзбек-кыргыз достугун, жакын коңшулукту жана союздаштыкты мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишеним билдирди.