Жапаров Токаевди Курултай депутаттарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктады

Президент 23 Август 2026 22:10
IMG_2379.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин Казакстандын Курултай депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

“Жарандардын эркин билдирүүсүнүн жыйынтыгында түзүлгөн Курултай Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, укуктук жана коомдук-саясий институттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп терең ишенем.
Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалар мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына, элдердин бакубаттуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кызмат кыларын канааттануу менен белгилейм.
Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да ырааттуу бекемделип, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы, ошондой эле бүткүл Борбор Азиядагы тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы мазмун менен толуктала берет деп ишеним артам.
Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.